Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII - сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №23-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Курманбаев Кылыч-айылдык кеңештин депутаты, тез жардам бөлүмүндө айдоочу;
· Оморов Айбек- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;
· Осмонов Советбек- айылдык кеңештин депутаты, эсепчи;
· Сайпиллаев Алманбет- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;
· Сайранбаева Ырыскан- айылдык кеңештин депутаты, мугалим;
· Тургуналиев Бектурсун- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;
· Таштан кызы Айдана- айылдык кеңештин депутаты, адис;
· Калбаев Тынчтыкбек- айылдык кеңештин депутаты, адис;
· Турапов Асан- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;
· Эшенов Чыңгыз- айылдык кеңештин депутаты, юрист;
· Иманкулова Мунара –З. Жамашев атындагы орто мектебинин директору;
· Жусубалиев Медербек- Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин директору;
· Асанова Айсулуу- О. Муратов атындагы орто мектебинин директору;
· Зупанова Турсунай- К. Абдраимов атындагы орто мектебинин директору;
· Парпиева Айзада- Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
· Амиракулова Айсалкын -Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими;
· Балтабаев Абдыкаар-Орто-Азия айылынын тургуну.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
Төрага: |
Т.Джороев |