Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII - сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №23-2
““Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25-сентябрь 1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө агартуунун отличниги Матраимов Мусакулдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө Матраимов Мусакулдун ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Матраимов Мусакул атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: |
Т.Джороев |