КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII - сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №23-4
““Бостон айылындагы 75 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү” жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун 20-август 2024-жылдагы билдирүү катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бостон айылындагы 75 орундуу бала бакчанын имараты 2024-жылы толук бүтүрүлгөндүгүнө байланыштуу, пайдаланууга берилсин.
- “Бийиктик” атындагы 75 орундуу бала бакчанын пайдаланууга берилүүчү иш кагаздарын тактоо жана бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Бала бакчанын штаттык сан бирдигин бекитип берүү жана кызматкерлердин айлык маянасын мыйзам чегинде чечип берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.