КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII - сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №23-5
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга максаттуу трансферттен келген акча каражатын бөлүштүрүү жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына, салык Кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө “Айыл чарба багытындагы жер салыгын төлөөгө мараторий” киргизилгендигине байланыштуу “Максаттуу трансферттен компенсация катары келген 455,0 миң сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына жумшоого жана бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө бөлүмдөр аралык жылдыруу үчүн Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Азия айылына тротуар куруу үчүн акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу 295, 0 миң сом бөлүнсүн.
- “Бахрейн” социалдык шаарчасына жаңы курулган бала бакчанын оңдоо иштерине 100, 0 сом бөлүнсүн жана бала бакча бөлүмүнүн 2221 “Учурда оңдоо” беренесине 100,0 сомго көбөйтүлсүн.
- Нива автоунаасын оңдоо үчүн аппарат бөлүмүнүн 2214 “Транспортту кызмат көрсөтүү” беренесинен 60,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- Мундуз айылына тротуар куруу үчүн каралган 500,0 миң сом акча каражатын Б. Калымбетов орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо үчүн 500, 0 миң сом жылдырылсын.
- Таштак айылына тротуар куруу үчүн каралган 280,0 миң сом акча каражатын таза суу скважинасын оңдоого насос алуу үчүн 200, 0 миң сом,
- “Бактылуу наристе” бала бакчасына жабдууларды алууга 80,0 миң сом жылдырылып иштетилсин.
- Токтомду мыйзам чегин аткаруу жагы финансы экономикалык бөлүмдүн башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кыдыралиевге жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.