Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги жыйырманчы сессиясынын (4- чакырылышынын ) жыйналышы
2022-жылдын 24-марты № 20/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл аймагындагы Ж.Акматалиев атындагы орто мектебине окуу-тарбия иштерин жандандыруу жана сапаттуу билим берүү, ошондой эле мектептин ички тартибин күчөтүү боюнча мектепке жаңыдан видео-көзөмөл отургузуу максатында акча каражатын бюджет тарабынан камсыздоо үчүн Кенеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алынган жеригилктүү бюджетинин 701 аппарат 2215 статьясынан жана Ж.Акматалиев атындагы орто мектептин 2215-статьясынан которуу зарылчылыгы келип чыккандыгы тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Кенеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алынган жеригилктүү бюджетинин 701 аппарат 2215 статьясынан 40 000 ( кырк миң ) сом жана Ж.Акматалиев атындагы орто мектептин 2215-статьясынан 31 000 ( отуз бир миң ) сом акча каражатын 709 билим берүү тармагынын 3112 статьясына, жалпысынан 71 000 ( жетимиш бир миң ) сом акча каражатын өзгөртүлүп, толукталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл окмөтүнүн финансы –экномика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековго жана туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Турдуевге тапшырылсын.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |