Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №173/38-8

 

“Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Токтогул ГЭСтери каскадынын директору А.О.Тайчабаровдун Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин жогорулатып берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Ж.С.Джуробаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8- чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, Токтогул ГЭСтери каскадына (А.О.Тайчабаров), ал эми көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин

30.08. 2024-ж. XXXVIII сессиясынын

№ 173/38-8 сандуу токтомуна тиркеме

Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө

Тарифтери

Калк үчүн:

№

Кызматтардын аталышы

Өлчөө бирдиктери

Тарифтери ( сом менен)

1

Ичүүчү суу менен камсыздоо

М3

6,30

2

Саркынды сууларды кетирүү

М3

4,23

3

Таштандыларды чыгаруу

М3

194,4

 

 

Мекемелер үчүн:

№

Кызматтардын аталышы

Өлчөө бирдиктери

Тарифтери ( сом менен)

1

Ичүүчү суу менен камсыздоо:

-        бюджет

 

-        башка мекемелер

 

 

М3

 

М3

 

27,18

 

34,92

2

Саркынды сууларды кетирүү:

-        бюджет

 

-        башка мекемелер

 

 

М3

 

М3

 

25,20

 

33,12

3

Таштандыларды чыгаруу:

-        бюджет

 

-        башка   мекемелер  

 

-        өзү алуу

 

 

 

М3

 

М3

 

М3

 

106,92

 

128,34

 

64,08

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:

 

К.И. Нурматова