Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги жыйырманчы сессиясынын (4-чакырылышынын ) жыйналышы
2022-жылдын 24-марты № 20/2
Кеңеш айылдык аймагында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жобосун беки түү жөнүндө
Кеңеш айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54- “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык турмушка ашыруу боюнча жалпы элдерден сунушталган комиссиянын курамынын жана Кеңеш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынынын айыл аймагына ылайык иштеп чыккан жобосунунун тартиптерин угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кеңеш айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54- “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жобо бекитилсин ( Жобонун тиркмеси тиркелет ).
2.Кеңеш айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54- “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жобо аймактагы айылдарда графиктин негизинде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана жайылтынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54- “Кыргыз Республика-сында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык жобо бекитилген иш аракеттерди турмушка ашыруу жагы Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратов жана айыл аймагы боюнча жана айылдар боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
4. Кенеш айылдык аймагындагы жобонун аткарылышы бузулган учурда, жеринде комиссиянын катышуусу менен акт түзүлүп, тийиштүу органга өткөрүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чаралар көрүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарывлышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жана туруктуу комиссиясына тапышырлсын.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |