Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясынын ( 4-чакырылыштагы ) жыйналышы
2022-жылдын 25-майы № 21/ 1
Кеңеш айылдык аймагынын Кеңеш айылындагы Ш.Жусупов атындагы көчөсүнө шагыл таш төшөө боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Кеңеш айылдык аймагынын Кеңеш айылындагы Ш.Жусупов атындагы көчөсүнө шагыл таш төшөө боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кенеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1.Кеңеш айылдык аймагынын Кеңеш айылындагы Ш.Жусупов көчөсүнө 2022-жылы жергиликтүү бюджетен 500 000 ( беш жүз миң ) сом акча каражаты Ш.Жусупов атындагы көчөсүнө шагыл таш төшөө үчүн өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |