Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз VI сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 29у №23
«Комиссия курамын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодекси, укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү Жобонун, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 25-апрелиндеги №2 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган
комиссия курамы 11 адамдан түзүлсүн.
2. Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган
комиссия курамына төмөнкүлөр бекитилсин:
административдик тартип бузуулар, экологиялык бузуулар, мыйзамдардын сакталышы боюнча жетектөөчү адиси;
чарба маселелери боюнча башкы адиси;
муниципалдык ишканасынын жетекчиси;
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук
актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Н.А.Молдокматовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы калкты социалдык жактан коргоо жана
коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым А.С. Бараканова