Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясынын (4-шайланган) отрумуну
2022-жылдын 14-сентябры №24/1
Айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү курултайга жана Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча өтө турган жыйындардын графигин, жумушчу комиссиянын курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-жылдагы 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнундө” Жарлыгынын негизинде Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети бекиткен “Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын эайылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасын” жетекчиликке алып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кеңеш айыл аймагындагы айылдардан жергиликтүү курултайга делегаттардын төмөндөгү сандык курамы бекитилсин:
1. Кеңеш айылынан -30 делегат,
2.Пор айылынан -20 делегат,
Жалпы: 50 делегат.
II. Кеңеш айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү курултайга жана Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракеттерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
III. Жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).
IV. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият,билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын , саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |