Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы
2022-жылдын 25-ноябры № 25/1
“Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кенеш айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартиби, кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиянын жогорудагы сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык кеңешинин ТОКТОМ КЫЛАТ ;
.Кенеш айылдык аймактык “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосу бекитилсин ( жобо тиркелет ).
.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кенеш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартиби, Кенештердин иштери, депутаттык этика , коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |
| Депутаттардын Кенеш айылдык кенешинин 25.11.2022-жылдагы № 25/1- токтомуна тиркеме |
"Айылдын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө Жобо
1 "Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуул" наамына көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартиби.
1.1 "Кенеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамы атуулдун айылы жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыразычылык болуп эсептелет. Наам социялдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн,айыл элинин жыргалчылытына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак-данккынын өсүшүнө кошкон салымы үчүн берилет.
1.2. Наам айыл чарба багытындагы инновациялык иштери үчүн ,калктын инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы алгылыктуу иштери үчүн,билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн,элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрлүү эмгеги үчүн ,социалдык кайрымдуулук ишмердиги үчүн,саламатыктты сактоодогу сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку корсоткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.3.Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган,бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүлүк жардам), көрсөткөн баатырдыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдын өмүрүн куткарууда көрсөткөн эрдиктери жана өзгөчө кырдалдан кийинки кесепетти жоюдагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мумкун.
1.4 "Кенеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамы бир жылда бир атуулга,айрым учурда зарылдытына жараша андан көп атуулдарга берилиши мумкун.
1.5.Айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жана мектептерге" Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылган атуулдадын атайын ардак тактайчасы уюштурулсун.
1.6. "Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамы каза болгон атуулдарга ыйгарылбайт.
1.7.Наамды ыйгаруу коомчулуктун катышуусу менен салтанаттуу түрдө тапшырылат.
1.8. "Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу"наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп эсептелет.
1.9. "Кенеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамынын, эсине "кеңеш айылдык аймагынын ардактуу атуулу " төш белгиси жана наамды тастыктаган күбөлүк кошо тапшырылат.
1.10. "Кенеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамын тастыктаган кубөлук же төш белгиси жоголгон же жараксыз болуп калган учурда жасатылыш берилбейт.
1.11. Наамды берүүгө кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат .
2."Кеңеш айыл айматынын ардактуу атуулу" наамына суунуштоо тартиби;
2.1.Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай комдук уюмдар (айылдык кеңеш, жаштар уюму,аксакалдар кеңеши,Аялдар кеңеши ж,б) эмгек коллективтери жана мекемелер кайрылууга укуктуу жеке жарандын кайрылуусу каралбайт.
2.2. Кайрылуу айылдык кеңешинин сессиясында каралат жана төмөндөгү докменттерди камтышы зарыл.
ардактуу наамына татыган талапкердин критерийге дал келген жана эмгектерин
кенири камтыган протоколу жана өмүр баяны менен паспорту болушу зарыл.
сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери,
2.3. Сунушталган докменттер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына берилет.
2.4.Айылдык кеңештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимине кабыл алышат же артка кайтарышат.
3. "Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамынын укуктары жана жоопкерчилиги
3.1. "Ардактуу атуул" наамынын ээси төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3.2. "Ардактуу атуул" наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме ишканаларда,уюмдарда өтүлүүчү чогулуштарына катышууга укукту.
3.3. "Ардактуу атуул" намынын ээси коомдук жайларда өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму менен ар кандай иш чараларда, жыйындарда адептүүлүгүн көрсөтүүтө милдеттүү.
4. "Кеңеш айыл айматыный ардактуу атуулу" наамынан ажыратуу
4.1. "Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамынын ээсине сот күнөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде,айылдык кеңештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2.Журуш -туруш нормалары жана коомдук жайларда өзүн ар дайым жаман жорук жоосундары менен алып журүусу такталган учурда наамды ажыратуу же ажыратпоо жагы айылдык кеңештин сессиясында каралат.
4.3. "Ардактуу атуул" наамынын ажыратуу жашыруун добуш менен аныкталат.
Жалпы Депутаттадын жарымынын көбү добуш берсе.
4.4. Наамынын ажыратуу жашыратуу чечими кабыл алган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтары берилүүгө тийиш.
5.Добуш берүүнун тартиби
5.1.Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2. Талапкерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси " Макул" добуш берген уучурда ишке ашырылат.
5.3. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.
6.Жобонун өзгөрүү тартиби
6.1. "Кеңеш айыл аймагынын ардактуу атуулу" жөнүндөгү жобо учурдун талаптарына ылайык сунуштардын негизинде өзгөртүлүп, толукталышы мүмкүн.