Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз VII сессиясы
2024-жылдын июнь айынын 4ү №25
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджетинин максаттуу которуудан түшкөн акча каражаттары
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 55-беренесинин жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине максаттуу которуудан түшкөн акча каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Садыр Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын Семеновка айылынын мектеп бөлүмүнө
22211100 - “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренесинен 150 000 (жүз элүү) миң сом П.Ф.Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин учурдагы оңдоп-түзөө иштерине бөлүнүп берилсин.
2. Садыр Аке айыл аймагынын Кожояр айылынын мектеп бөлүмүнө
22211100 - “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренесинен 150 000 (жүз элүү) миң сом Кожояр Ата атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин учурдагы оңдоп-түзөө иштерине бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н. Молдакматовго жана
ФЭБнүн башчысы Н. Сыдыковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалар байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.С. Бараканова