Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/10
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/1, №23/2 жана 2024-жылдын 7-майындагы 24/5 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/1, №23/2 жана 2024-жылдын 7-майындагы 24/6 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, Башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/1 токтому менен бекитилген 2218 тамак аш сатып алуу багытында турган 402,2 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөндүктөн 2224 көмүр сатып алуу багытына, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/2 токтому менен бекитилген 2111 эмгек акы багытындагы 431,1 миң сом акча каражатын 2224 көмүр сатып алуу багытына, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 7-майындагы №24/6 токтому менен бекитилген 3111 имараттар жана курулуштар багытында экономдолуп калган 65,8 миң сом акча каражатын 2214 транспорттук чыгымдар беренесине жылдырылып бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |