Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз
IX сессиясы
2024-жылынын август айынын 26ы №42
Садыр Аке айыл аймагындагы S=111га жер тилкеси
жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Бурабаев Бактыбек Джумакадыровичтин сунушун, маалыматын угуп, карап жана талкуулап чыгып, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагында жайгашкан №520-контурундагы
идентификациялык коду 2-03-09-0002-0662 (S=47га), 2-03-09-0002-0663 (S=64га) баардыгы S=111га азыркы учурда эч кимдин наамына катталбаган сугат айдоо аянты мыйзамга ылайык Садыр Аке айыл аймагынын АЖМФ жерлери катары каттатылсын.
2. Ушул мезгилге чейинки төлөнүлбөгөн жер салыктары Садыр Аке айыл
өкмөтү тарабынан төлөнүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы Н.А. Молдакматовго жүктөлсүн.
4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин
төрагасына жана “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тɵрага Б.С. Чичканбаев