Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы

2024-жылдын 6-февралы №10/1

Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан «Тешик» участогундагы БСРдин жалпы аянтынын ичинен, суу тосмосун (плотина) курууга тиешелүү болгон курулуш алдындагы жер аянтына корутунду алуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 51 беренелери жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №04-3/834 сандуу катын карап чыгып жана талкуулап,  Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXVIII  чакырылышынын X кезексизсессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылдын 05-февралындагы №7 протоколунун корутундусу жактырылсын.

2.    Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 51-беренесинин 3 пунктусуна ылайык, «Тешик» участогундагы тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чаралары жүзөгө ашырылсын.

3.    Жерге-Тал айыл аймагынын «Тешик» участогундагы жайгашкан тарыхий-маданий мурас объекттердин белгиленген 138 коргондор аймагында жана аларга чектеш аймактарда (эстеликтин четинен кеминде 50-100 метр аралыка чейин) жер иштетүү, курулуш, чарбалык, эгин айдоо, карьер, жол, БСР, ГЭС куруу, калктуу конуш түзүүгө тыюу салынсын.

4.    Жаңы табылган тарыхий-маданий мурас объекттерди Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги тарыхий жана маданий эстеликтеринин тизмесине киргизүүнү ишке ашыруу иштерин уюштурулсун.

5.    Тарыхий-маданий мурас объекттердин жер участогун тарыхий-маданий багытында мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратуу боюнча мамлекеттик Акты китебин алуу иштери уюштурулсун.

6.    Эстеликтердин айланасына коргоо тактачаларын /белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүлсүн.

7.    Тиешелүү адистерди тартуу менен Жерге-Тал айыл аймагынын «Тешик»  участогундагы жайгашкан 73 тарыхий-маданий мурас объекттерде археологиялык илимий изилдөө, казуу,  документтештирүү (бузуу) иштери жана 65 тарыхый-маданий мурас объекттердин коргоо чөлкөмдөрүнүн долбоорун бекитилген тартипте иштеп чыгып бекитүү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №04-3/834 сандуу катында белгиленген коргондор боюнча иштери уюштурулсун.

8.    Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан «Тешик» участогундагы БСРдин жалпы аянтынын ичинен суу тосмосун (плотина) курууга тиешелүү болгон курулуш алдындагы жер аянтынын документтик иштерин жана корутундусун бүткөрүү иштери жөргүзүлсүн. 

9.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.