Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз X сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 11и №47
Медресе жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-августундагы №6 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы Григорьевка айылынын Панфилов
көчөсүндөгү мурунку “Ихсан-Хайрия” кайрымдуулук фонду пайдаланып келген медресесин имамхатибтин макулдугу жок пайдаланууга жана иш алып барууга макулдук берилбесин.
2. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы Н. Молдокматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Жер, агрардык реформа, өнөр
жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев