Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/11
Чет-Нура айыл аймагынын Ак-Булуң айылындагы окуучуларды Ийри-Суу айылынын М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине алып барып келүү үчүн микроавтобуска айдоочу кызмат ачуу үчүн Нарын райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылуу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Ак-Булуң айылындагы окуучуларды Ийри-Суу айылынын М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине алып барып келүү үчүн микроавтобуска айдоочу кызмат ачуу үчүн Нарын райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылуу жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Булуңу айылына окуучуларды орто мектепке алып барып келүү максатында жеке демөөрчү тарабынан айыл өкмөттүн балансына микроавтобус алынып келингендиктен, жергиликтүү бюджет тартыш болгондугуна байланыштуу айдоочулук штат бирдигин ачып берүү жагын Наврын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
2. Тиешелүү жака кайрылуу жолдоп иш алып баруу жагы жана токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |