Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз X сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 11и №49
Ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин «Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-августундагы №7 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы Кашат айылынын сайында карьер иштетип
жаткан жеке ишкерлер К. Абдрахманов, М. Орозобаков, Э. Сатындиевдерди өзгөчө кырдаалда учураган чыгымдарын эске алып, айыл өкмөттүн алдындагы «Келечек» муниципалдык ишканасы менен 2024-жылга (1 жылдык) карата түзүлгөн келишимдеги ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н.А.Молдакматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер,
агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев