Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз X сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 11и №51
Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №10 протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын «Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө жобо бекитилсин. (Тиркеме 3 барак).
2. Садыр Аке айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча
ушул жобону негизинде иш алынып барылсын.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Садыр Аке айыл
аймагынын жергиликтүү кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев
Садыр Аке айыл аймагынын
жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын
11-сентябрындагы
№11-токтомуна тиркеме
Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө ЖОБО
I Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) – ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кеңештин токтому менен бекитилген.
Ушул ЖОБОго ылайык жергиликтүү кенештин төрагасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары–айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.4 «Садыр Аке айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин чечими менен берилет. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеш “Садыр Аке айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилей алат.
1.5 “Садыр Аке айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү
Сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен жергиликтүү кеңешке жөнөтөт.
1.6 Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
II. Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1. Садыр Аке айыл аймагына караштуу Семеновка, Кожояр, Григорьевка, Григорьевка-Пристань, Кашат, Темир, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2. Садыр Аке айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
- СССРдин, Эмгектин, КРнын Баатырларына;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;
- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
-Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,
- Инвестициялык долбоорлорду тартып, Садыр Аке айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга;
- Ушул аймакта туруктуу 10 жыл жашаган жарандарга жана ж.б берилет.
III. Аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылат.
3.2 Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын
даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.3 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.4 «Садыр Аке айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
3.5 «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар
тарабынан сунушталган болсо:
•Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу же токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
•“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;
VI. Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын
жокко чыгаруу
4.1 Садыр Аке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда жергиликтүү кеңештин токтому менен жокко чыгарылат:
- Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
- Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Садыр Аке айыл аймагынын, кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Садыр Аке айыл
аймагынын жергиликтүү
кеңешинин жооптуу катчысы М.И. Медерова