ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-февралы №10/2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын
курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» типтүү жобонун 21 жана 22 пунктулары жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-февралындагы №02-20/37 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы;
|
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн;
- Ч.Ашымова – Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешин депутаты, комиссиянын төрайымы.
- Т.Сыдыкбеков – Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү.
- А.Муктарбеков – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
- К.Таалайбеков – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.
- М.Дүйшеев – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн юристи, комиссиянын мүчөсү.
- А.Мукаш уулу – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.
- Р.Миназаров – «Таза Жерге-Тал» МИ жетекчиси, комиссиянын мүчөсү.
- Ж. Асан уулу – Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.
- М.Максүталиев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
- Т.Асанов – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
- Ш.Султаналиев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
2. Жаңыдан түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып барышсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |