Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын ( 4-чакырылыштагы ) жыйналышы
2022-жылдын 23-декабры №26/1
Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына экскватор алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына экскватор алуу үчүн Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1. Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасына экскватор алуу үчүн өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 200 000 ( эки жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Экскватор алуу үчүн “Кеңеш таза суу жана тазалык”ишканасына өздүк салым катары муниципалдык ишкананын бюджетинен 200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевге милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |