Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын (4-чакырылышынын ) жыйналышы
2022-жылдын 23-декабры № 26/2
Кара-Кулжа районунун Кенеш айылынын Ж.Жунусов жана Пор айылынын Б.Жолдошов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөзүүгө өздүк салымга Кенеш айыл өкмөтунүн 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа районунун Кенеш айылынын Ж.Жунусов жана Пор айылынын Б.Жолдошов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруу максатында түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа районунун Кенеш айылынын Ж.Жунусов жана Пор айылынын Б.Жолдошов атындагы көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн өздүк салым катары Кенеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 527563 ( беш жүз жыйырма жети миң беш жүз алтымыш үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул бөлүнгөн акча каражатын бөлүштүрүү жана тийиштүү статьялары менен мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |