Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №175/38-8

 

“Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы”

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 ФАП бар. Хирургия бөлүмүндө 32, офтальмологиялык 8. Терапия бөлүмүндө 27 анын ичинде терапиялык профилде 15, неврология бөлүмүндө 12. Балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15. Төрөт бөлүмүндө 14 койка. Күндүзгү стационарда терапиялык профилде 10 койка бар.

Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору “Бүткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү”, “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата”, “Бүткүл дүйнөлүк эмдөө”, “Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү” боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.

Жалпы кызматкерлердин саны врачтар 260, анын ичинен дарыгерлер 31, медициналык кызматкерлер 146, кенже кызматкерлер 52, башка кызматкерлер 31.

ЖДПБда медициналык кызматкерлер арасында ай сайын бейтаптарды сапаттуу тейлөө, врачтар тарабынан көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү өз убагында аткаруу, бейтаптар арасында сапаттуу иш-чараларды жүргүзүү жана тааныштыруу иштери боюнча семинар окуулар өткөрүлүп турат.

Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Көл шаардык Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун директору А.А.Ырысбековдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, Жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна (А.А.Ырысбеков), көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Т.Мадемиров) жүктөлсүн

    

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов