Загрузка документа…
КАРАККОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы
28-май 2024-жылы №28-43/3
«Каракол шаарынын муниципалдык базары» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Н.Т.Турсунбековдун, 2024-жылдын 15-майындагы, чыг:№01-16-2100, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,
токтом кылат:
3. «Каракол шаарынын муниципалдык базары» муниципалдык ишканасынын
Типтʏʏ келишими бекитилсин (тиркеме №3)
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,
курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов
Каракол шаарынын депуттатар Кеңешинин 2024-жылдын 28-майынын №28-43/3 токтому менен бекитилген №1 тиркемеси |
|
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Каракол шаарынын «муниципалдык соода-базар» муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Каракол шаарынын мэриясы уюштуруучусу болуп саналат (мындан ары - Уюштуруучу).
3. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
Каракол шаарынын «Муниципалдык соода-базар» муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде:
Муниципальное предприятие «Муниципальный рынок города Каракол»
4. Ишкананын турган жери: 722200, Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жусаев көчөсү №158 А.
5. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өз ишин жүргүзөт.
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштейт.
7. Ишкана өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
8. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, бурч мөөрлөрү, бланктары жана көрүнөө жекелешкен каражаттары бар.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансылык-насыялык мекемелерде башка эсептери бар.
10. Ушул Устав менен каралган милдеттерди чечүү үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- КР мыйзамында белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдетине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- Уюштуруучунун макулдугу менен уставдык максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлгөн кызматтарга КР мыйзамда белгиленген тартипте бааларды бекитүүгө;
- Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин, подряд келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде КР мыйзамда белгиленген тартипте ишке тартууга;
11. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын чарбачылык карамагында турган муниципалдык мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын жумушчулары үчүн иштин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
-жергиликтүү бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбачылык иштин натыйжалары жөнүндө Уюштуруучуга квартал сайын жана жыл сайын отчетторду белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө;
- Уюштуруучунун алыш-бериш эсебине КР мыйзамында белгиленген өлчөмдө финансылык-чарбачылык иштин жылдык жыйынтыгы боюнча таза кирешенин тийиштүү бөлүгүн которууга.
12. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана Уюштуруучу менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктар менен милдеттерге да ээ болушу мүмкүн.
13. Ишкананын максаты калктын чекене, майда дүң жана дүң соода кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу болуп эсептелет.
Ишкананын милдети азык-түлүк жана азык-түлүк эмес багыттагы товарларды сатуу чөйрөсүндө коммерциялык соода аянттарын ижарага берүү боюнча иш жүргүзүү болуп саналат.
Базар муниципалдык мүлккө өтүшүнө байланыштуу мурунку базардын ээси менен ижара келишим негизинде иштеп келген жарандар менен келишим түзүү приоритеттүү болуп эсептелинет.
14. Ишкананын функциялары:
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- базардын аймагында соода аянттарын жана контейнерлерди ижарага берүү;
- коомдук тамактануу жана калкты тиричилик жактан тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;
- унаа туруктарын, сактоо камераларын, муздаткыч жабдууну, кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- консалтинг, маркетинг, жарнама жана маалымат кызматтарын көрсөтүү;
- чарбачылык, өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды, техника жана автотранспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматтарын көрсөтүү;
- курулуш-куроо, жасалгалоо жана башка подряддык иштерди аткаруу.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердик иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
15. Ишкананы башкаруунун жогорку органы Уюштуруучу – Каракол шаарынын мэриясы болуп эсептелет.
Уюштуруучунун компетенциясына Ишкананы түзүү маселелери, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо, Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелери кирет.
Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарууга укуктуу.
16. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Уюштуруучу аткарат.
17. Ишкананы Каракол шаарынын Мэри тарабынан КР Эмгек Кодексинин негизинде кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
18. Ишкананын директору:
- Уюштуруучуга отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттерди аткарууга жана анын ишинин жыйынтыктарына жеке жоопкерчилик тартат;
- Уюштуруучунун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан аракет кылат. анын кызыкчылыктарын республиканын бардык мамлекеттик, сот органдарында жана уюмдарында алып чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык жумушчулары үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- башкы бухгалтердин, Ишкананын филиалдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Уюштуруучу менен макулдашуу боюнча КР мыйзамынын чегинде Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- филиалдар же өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду, иш режимин жана Ишкананын жумушчуларын сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын жумушчуларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын жумушчуларына карата сыйлоо жана тартиптин жаза чараларын көрөт;
- мыйзамдар, базардын конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту Уюштуруучуга киргизет;
- жылдык финансылык-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетторду Уюштуруучунун кароосуна жана бекитүүгө белгиленген тартипте киргизет;
- финансылык отчеттулукту, болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрдү жана башка керектүү маалыматтарды Уюштуруучуга өз убагында берүүнү камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн керектүү башка аракеттерди жүзөгө ашырат.
19. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн туура эсепке алууга жана максаттуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартышат.
20. Уюштуруучу муниципалдык ишкананын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Муниципалдык ишкана Уюштуруучунун милдеттенмелери юоюнча жооп бербейт.
21. Ишкананын мүлкү жана пайдасы муниципалдык менчиги болуп эсептелет жана ишкердик ишин жүргүзүү үчүн Ишканага бекитилген.
22. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүүчү каражаттардан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген.
23. Ишкана мүлктү уставдын максаттарына жана иштин предметине ылайык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат. Ишкана тарабынан курулушка жана профилдүү эмес активдерди сатып алууга жол берилбейт.
24. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүштөш салым) катары салууга же Уюштуруучунун макулдугусуз ушул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
25. Финансылык-чарбалык иштен же башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен Ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк муниципалдык менчикке түшөт жана чарба жүргүзүү укугунда ага бекитилип берилет.
26. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын тийиштүү таза пайдасы Уюштуруучу белгилеген мөөнөттө которуу менен Уюштуруучунун алыш-бериш эсебине чегерилүүгө тийиш.
27. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
28. Ишкананы чарбалык коомго кайра түзүү (акционерлөө) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
29. Ишкананы кайра уюштурууда жана жоюуда жумуштан бошотулган жумушчуларга компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
30. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Жооптуу катчы Э. Майрыков