Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/14
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга сметада бекитилген атайын каражаттан каралган акча каражатын кыскартуу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Үч-Нура таза аймак” муниципаллдык ишканасына 2024-жылга сметада атайын каражатка 1572,5 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң беш жуз) сом акча каражатына кыскартуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Окенов Алтынбек Тентиевичтин билдирүүсүн угуп, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга сметада «Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканага атайын каражаттан киреше жана чыгаша бөлүгүндө каралган 1572,5 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң беш жуз) сом акча каражаты лайыл өкмөттүн атайын эсеп счетуна түшпөй “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын банктан ачылган эсеп счетуна түшүп калгандыктан кыскартылып берилсин.
2. Атайын каражатка каралган акча каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнөн кыскартып киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага милдеттендирилсин.
Төрага |
М. Өмүрбеков |