Редакцияот 31.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 31-июлу № 443

 

2024-жылдын 26-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарында биргелешкен аракеттерде радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатындагы өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2024-жылдын 26-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарында биргелешкен аракеттерде радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды аныктоо жана баалоо жаатындагы өз ара аракеттенүү жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө россиялык тарапка кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А. У. Жапаров