Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №176/38-8

 

“Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2023-2024-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматы”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназиранын 2023-2024-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Шаардык билим берүү бөлүмүндө бүгүнкү күндө 1 мектеп-гимназиясы, 1 жалпы билим берүүчү инновациялык, 4 орто мектеп, мектепке чейинки 3 мекеме, 2 мектептен тышкаркы мекеме, 1 окуу-усулдук кабинети бар.

        2023-2024-жылында 201 класс комплектисинде 5645 окуучу, (башталгыч билим берүү баскычында 89 класс комплектисинде 2526, негизги билим берүүчү баскычында 92 класс комплектисинде 2652, орто билим берүүчү баскычында 20 класс комплектисинде 467) билим алышкан.

Мектепке чейинки 3 мекеме- “Келечек”, “Баластан” жана “Байчечекей” балдар бакчаларында жалпы 735 бала тарбияланган.

Мектептен тышкаркы 2 мекемеде БЧҮ (балдар чыгармачылык үйүндө) 20 кружокто 945 окуучу тарбияланат.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы 10 билим берүү мекемелеринде, бүгүнкү күндө 403 мугалим жана тарбиячылар эмгектенүүдө. Анын ичинен жогорку билимдүүсү -324, бүтпөгөн жогорку -9, атайын орто-68, орто билимдүүсү-9. Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси  75 мугалим.

Бүгүнкү күндө жетишпеген педагогикалык кадрлар кыргыз тилдүү класстарга география, орус тилдүү класстарга тарых, химия, музыка предметтери боюнча.

Кара-Көл шаардык БББмү усулдук иш-чараларды Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктардын негизинде алып барат. Шаардык, областтык, предметтик семинарлар өткөрүлүп турат.

     

Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы                                             

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2023-2024-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназиранын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсү эске алынсын.

 

  1. ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназирага окуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сунушталсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ШБББнө (Кыргызбай кызы Гүлназира), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Т.Мадемиров) жүктөлсүн.

    

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов