Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы

2024-жылдын 25-марты №11/2

Айылдык кеңештин 1-январь 2024-жылдын жыл башына калган жергиликтүү бюджеттен 7 455 300 (жети миллион төрт жүз элүү беш миң үч жүз) сом жана атайып эсеп счетто калган 369 400 (үч жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаттарын бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» Мыйзамынын 79-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесине  ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын XI кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1-январь 2024-жылдын башына калган  калдык акча каражатын  төмөндөгү статьяларга каралып берилсин:

2215 – 198,3(жүз токсон сегиз миң үч жүз) сом

2218 – 1053,0 (бир миллион элүү үч миң) сом

2222 – 220,0 (эки жүз жыйырма миң) сом

3111 – 4308,8 (төрт миллион үч жүз сегиз миң сегиз жүз)сом

3112 – 1575,2  (бир миллион беш жүз жетиш беш миң эки жүз) сом

3113 – 100,0 (жүз миң) сом

Баардыгы : 7455,3 (жети миллион төрт жүз элүү беш миң үч жүз) сом.

2.     1-январь 2024-жылдын башына атайын эсеп счетто калган акча каражаты төмөндөгү статьяларга каралып берилсин:

2215 – 143,2 (жүз кырк үч миң эки жүз) сом

2218- 226,2 (эки жүз жыйырма алты миң эки жүз) сом

Баардыгы: 369,4 (үч жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сом

 

3.     Каралган акча каражаттарынын көрсөтүлгөн статьялары боюнча сметасын түзүү жагы СЭӨ бөлүмдүн башчысы А.Узакбаевага жана көрсөтүлгөн статьялар боюнча акча каражатын которуу жагы башкы бухгалтер А.Садыгалиевага тапшырылсын.

4.     Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал  айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 Төрага

Шаарбек у Б.