Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №177/38-8

 

“Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн башчысы Калыбай уулу Капардын отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Калыбай уулу Капардын отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык маданият бөлүмүнө (Калыбай уулу Капар), ал эми токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Т.Мадемиров) жүктөлсүн.

    

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов