Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/17
Чет-Нура айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан жер фондусуна киргизилген өзгөрүүлөр боюнча тактоонун жыйынтыгы жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагы боюнча, Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде, Чет-Нура айыл аймагынын 16.06.2023-жылдагы №62-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап, Чет-Нура айылдык кеңеши төмөнкүдой чечим кабыл алды:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго Чет-Нура айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна сунуштоо тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |