Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы

2024-жылдын 25-марты №11/4

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII  чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы №8/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXVIII  чакырылышынын ХI кезектүү сессиясы

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
  2. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планын аткарууга карата Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан жеткиликтүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыл сайын аткарылган иштер боюнча сессияда маалыматтар берилсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.  
  4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

Шаарбек у Б.