Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын ( 4-шайланган ) жыйналышы

2023-жылдын 30-январы № 27/ 4

Кеңеш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин 2023-жылга карата бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле 4-беренесине ылайык жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кенеш, Пор айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорунда көрсөтүлгөн жана 2021-жылга жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифин бекитүү жөнүндөгү токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде жана элдик жыйынында айтылган сунуштардын негизинде 2023-жыл үчүн жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин;

 

-Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 50 сом

-кой-эчкилери 1баш үчүн 15 сом

-Жылкылар 1баш үчүн 50 сом

 

2.Пада баккан падачы кимден алгандыгы жөнүндө фамилиясын,атын, кой же уйун багып жаткандыгы тууралуу так маалымат беришсин. Падачы берген тизменин негизинде кивитанция жазып берүү жагы ЖПБ төрагасына милдеттендирилсин.

3.Жайыт жерди башка максаттарга пайдаланып, өз алдынча өздөштүрүүгө багыттап же Госактыга түшүрүп, тегерегин тосуп алгандар аренда катары пайдалангандар жайыт салыгын Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 11.1.3-беренесине ылайык келишимдик негизде толөө жагы каралсын.

4.Жайыт комитети менен өз ара элдин койун баккан падачы келишим түзсүн, жайыт салыгын өндүрүп берүү жагы кой, мал баккан падачыга милдеттендирилсин.

5.Кеңеш айыл өкмөтү пайдалануу үчүн жайыт салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багытоо милдети жүктөлсүн.

6.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 2300 сом иниспекторлорго 1600 сом өлчөмүндө эмгек акы бекитилсин.

7.Кенеш айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин жалпы аянтты 2485га пайдаланган жер аянты 1323 га, жер салыгы 1 га жер аянтына 5 сом 30 тыйындан бекитилсин.

8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевге милдеттендирилсин.

 

Депутаттардын

Кеңеш айылдык

аймактык кеңешинин

төрагасы:-

 

 

 

М.Абдылдаев

 

 

 

“Бекитемин”

 

Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы

______ М.Абдылдаев

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга киреше жана чыгаша

СМЕТАСЫ

Малдын туру

Малдын саны

Жайыт пайдалануу үчүн 1 мал башына чегерилген төлөм сом

Жайыт пайдалануу үчүн топтон сом

Ийри муйүздүү мал

1000

50

50000

Майда жандык

2150

20

43000

Жылкы

500

50

25000

Жалпысы:

 

 

118000

 

Эскертүү:     Кыйыр салыктар эске алынбай түзүлгөн чыгаша бюджети.

 

Көрсөткүчтөрдүн

аталышы

статья

Баары

2023-

жыл

үчүн

Кварталдар боюнча бөлүштүрүлүшү

I

II

III

IV

Айылык акы

21111100

 

 

 

 

 

Ишканадан камсыздандыруу

Учун төлөмдөр 17,25%

12120100

60 000

 

20 000

20 000

20 000

Командировка чыгымдары

22111200

 

 

 

 

 

Жабдыктарды алууга

22155300

 

 

 

 

 

Ар түрдүү чыгымдар

22155900

25000

 

10 000

10000

5000

Бөлөк кызматтар үчүн чыгымдар

22156900

 

 

 

 

 

Жайыттарга баруучу жолдорду оңдоого

 

23000

 

23000

 

 

Кичи долбоорлор 3,75%

 

 

 

 

 

 

Жайыт жери үчун салык

 

10000

 

 

10000

 

Бардык чыгым

 

118000

 

53 000

40000

25000

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мыйзамдын 9-статьясы боюнча.

 

Жайыттын жалпы аянты

1 га жайыт жер салыгы

Төлөмдөрдүн жалпы сумма

1323

5-30

7250

 

Кеңеш Ж.П.Б.төрагасы

А.Насиров