Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 28-августу № 98

 

Кыштут айыл аймагынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдык бюджеттин аткарылышы жөнүндө

 

Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын биринчи жарым жылдыкта аткарган иштери боюнча айыл ѳкмѳтунун башчысы А.Эркебаевтин баяандамасын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын биринчи жарым жылдык бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. 2023-жылдын калган алты ай ичиндеги иш-пландарын аткарууда депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер, сунуштар айыл өкмөт башчысы А. Эркебаевке милдеттендирилсин

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Мидиновко жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Сейитмуратов А.