Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/19
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы №21 чечимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы №21 чечимине Сейденалиев Кары деп жазылып калган, ал эми паспорт боюнча Кыдыралиев Кары Сейденалиевич деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы №21 чечиминдеги Сейденалиев Кары деп жазылып калган жерине Кыдыралиев Кары Сейденалиевич деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Бул токтомдун негизинде, өзгөртүү киргизип мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалынан суралсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |