Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/20
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтомуна өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү туураалуу 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтому менен бекитилген жобосуна өзгөртүү-толуктоо киргизүүжөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Султанбек уулунуну баяндамасын угуп жана талкуулап, Чет-Нура айылдык кеңеши төмөнкүдой чечим кабыл алды:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү туураалуу 2017-жылдын 29-декабрындагы №10/6 токтому менен бекитилген жобосу өзгөртүлүп, толукталып кабыл алынсын. (Өзгөртүлгөн жобо тиркелет)
2. Өзгөртүлүп кабыл алынган жобого ылайык иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
Төрага |
М. Өмүрбеков |
Депутаттардын Чет-Нура айыл
аймактык Кеңешинин
ХХVIII чакырылышынын
ХХV сессиясынын 2024-жылдын
12-июлундагы №25/20 токтому
менен бекитилген
«Чет-Нура айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» жөнүндө»
ЖОБО
«Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» деген наамга көрсөтүүнүн тартиби:
«Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» деген наам айылдык Кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ишкана, мекемелеринин эмгек жамааттарынын, жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдарынын сунуштарына ылайык депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңеши тарабынан районго, республикага, өзү жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиңирген адамдарга берилет.
«Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгүдөй адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:
- Чет-Нура айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме, ишканаларда, уюмдарда, жетекчи жана жооптуу кызматтарда 10 жылдан ашык үзгүлтүксүз үзүрлүү иштеп, айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө эмгек сиңирип, кийинки учурларда да айылдын коомдук жумуштарына активдүү катышкан, калк кадырлоосуна ээ болгон адамдарга;
- Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл чарбасынын, маданият, билим берүү, айыл чарбасы сыяктуу тармактарда иштеп жүрүп, Кыргыз Республикасынын ишмери наамына татыктуу болгон Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жашоочуларына;
- Жергиликтүү Кеңештин депутаты болуп бир нече жолу шайлангандарга;
- Айылдарга өзгөчө эмгек кылып, керектүү курулуштарды куруп, жаңы жумушчу орундарын түзгөн, инвестиция, гранттарды тартууда олуттуу пайда келтирген, эл керектөөчү продукцияларды чыгарган ишкер жана фермер адамдарга;
3. Чет-Нура айыл аймагынан сырткары башка район, облустарда иштеп жүрүп же айыл өкмөткө салымын кошпогон катары табылган атуулдар бул наамга көрсөтүлүүгө ылайыксыз деп эсептелет.
- Мурун сиңирген эмгегине, сыйлык, наамдарына карабастан сот жообуна тартылган, кылмыш ишине кириптер болгон, өз беделин түшүрүп алган адамдарга да бул наам ыйгарылбайт.
4. «Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча төмөндөгүдөй материалдар даярдалып, Чет-Нура айылдык Кеңешинин «Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, закондуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылат. Комиссия татыктуу кандидатураларды тандап, айылдык Кеңештин сессиясына сунуш кылат.
- Талапкерлерди наамга көрсөткөн эмгек жамааттарынын жана коомдук уюмдардын, элдик жыйындардын чогулушунун токтому, талапкерлердин өмүр баяны, районго сиңирген эмгеги жөнүндө справкалар, Мамлекеттик сыйлыктары жана башка наамдары жөнүндөгү маалыматтар комиссияда негиз катары каралат.
5. «Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу маселеси депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында каралып чечилет жана жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө тапшырылат.
6. Сессия жактырып, токтом кабыл алгандан кийин «Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгондорго атайын Күбөлүк, Сертификат жана төш белги берилет.
Күбөлүк, Сертификат жана төш белгилер айылдык Кеңештин сессиясында салтанаттуу түрдө тапшырылат.
«Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулуна» берилүүчү жеңилдиктер жана укуктар жөнүндө
«Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу» айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерден пайдалана алат:
- айыл аймагында коомдук транспорттордо акысыз (таксиден башка) жүрүүгө;
- айыл аймагынын ар кандай салтанаттуу жыйындарында Ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
- Айыл аймактык органдар тарабынан кезексиз кабыл алынууга;
Төрага | М.Өмүрбеков |