Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 28-августу № 99

 

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке тапшырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-Б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик

классификациясынын колдонуу шарттары толугу менен аткаруу жагы Кыштут айыл

өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.

3. Эмгек келишими менен убактылуу иштегендерге эмгек акы төлөөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы №385 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Нускаманын” талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.

4. Кыштут айыл аймагынын бухгалтериялык отчет учет иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25.12.2018-жылдагы №137-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана каржылык отчетторду жүргүзүү боюнча” Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

А.Сейитмуратов