Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын ( 4-чакырылыштагы ) жыйналышы

2023-жылдын 30-январы № 27/6

Кеңеш айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза сууга тарифин бекитип берүү, ичүүчү таза суу ишканасынын бир жылдык боюжетин бекитип берүү жана Сай учаткасындагы ичүүчү таза суу чыккан скважина, Кеңеш, Пор ичүүчү таза суу турган кампасына көзөмөл (видео) байкоочу алууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кеңеш айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза сууга тарифин бекитип берүү, ичүүчү таза суу ишканасынын бир жылдык бюджетин бекитип берүү жана Сай учаткасындагы ичүүчү таза суу чыккан скважина, Кеңеш, Пор ичүүчү таза суу турган кампасына көзөмөл (видео) байкоочу алуу учун “ Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын башчысы А.Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;

 

 1. Кеңеш айылдык аймагында ачылган “Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза суу тарифин бекитүү боюнча 10.02.2022-жылдагы №2 элдик жыйындын протоколунун негизинде 50 сомдон ичүүчү таза суунун тарифи бекитилсин.

 

2. Сай учаткасындагы ичүүчү таза суу чыккан скважина, Кеңеш, Пор ичүүчү таза суу турган кампасына көзөмөл (видео) байкоочу алуу учун айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 100 000 ( жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевге милдеттендирилсин.

 

Депутаттардын

Кеңеш айылдык

аймактык кеңешинин

төрагасы:-

 

 

 

М.Абдылдаев