Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 1
Учкун айыл аймагындагы “Тангабийке-Бердике” , “Раушан-Учкун” ,”Жылан-Арык-Алтын” бала бакчасынын балдарынын тамагына төгүлүүчү акча каражатын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлгөн,мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну.уюштуруу тартиби жөнүндөгү 4-пунктунун 6-подпунктунун негизинде ,Учкун айылдык кенешинин 8-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлгөн,мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби жөнүндөгү 4-пунктунун 6-подпунктунда ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгына байланыштуу,2024-2025-окуу жылында “Тангабийке-Бердике” , “Раушан-Учкун” ,”Жылан-Арык-Алтын”бала бакчаларындагы балдардын тамагына төгүлүүчү акча каражаты айына 1000 (бир мин ) сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы А.Ж.Бектуровго жана бала бакчанын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучулары Т.Мамырбаевага, Т.Токсобаевага, С.Абдиевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Тостоков |