Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 3
Учкун айыл аймагындагы Куланак айылындагы эс алуучу жайга “Токтогул уулу Сыдыктын ” атын берүү жөнүндө
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1.Учкун айыл аймагынын Куланак айылындагы Макый ата №27 адресине курула турчу эс алуучу жайга “Токтогул уулу Сыдыктын ” атын берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Тостоков |