Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 5
Имаратты жана ага тиешелүү жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Учкун айыл аймагынын Жылан-Арык айылындагы Кайкалак №21 көчөсүндө 4-05-04-1001-0181 кодунда жайгашкан эски дүкөндүн имаратын жана ээлеп турган жер участогу менен (жалпы 2200,0 ч/м) муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Тостоков |