Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын XV кезектеги сессиясы
2024-жылдын 8-июлундагы № 15/1
Туз айылындагы бала бакчанын курулуш иштерине акча каражатын кароо жөнүндө
Туз айылындагы бала бакчанын курулуш иштерине акча каражатын камсыздоо, 3 сааттык бала бакчага каралган акча каражатты, 10 сааттык бала бакчанын курулуш иштерине жумшоо тууралуу Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары А. Исаковдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Туз айылындагы 3 сааттык бала бакчага каралган акча каражаттан, 10 сааттык бала бакча уюштурууга, курулуш иштерине 100,0 (бир жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, бала бакчанын долбоордук документтерин даярдоо, ишке ашыруу жана ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүп иш алып баруу жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Исаковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго, башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |