КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XXXVIII - сессиясынын
2024-жылынын 30-августу №179/38-8
“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.А.Чаргыновдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.А.Чаргыновдун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсү эске алынсын.
- Кара-Көл шаарындагы социалдык мекемелерге таандык суу гидранттарын оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу, техникалар барып суу алуучу пирс куруу иштерин жүргүзүү шаардык мэрияга жүктөлсүн.
- Кара-Көл шаардык мэриясы тиешелүү мекемелер менен биргеликте Кара-Көл шаарындагы ички жолдорду атайын техникалардын өтүүсүнө ылайыктап кеңейтүү боюнча мыйзам чегинде чараларды көрсүн.
- Кара-Көл шаардык мэриясы муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте шаар ичиндеги сел жүрүүчү кооптуу жерлерге сел агып өтүүчү каналдарды казуу үчүн Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жарандар ээлик кылып, тосуп алган жерлерди бошотуп берүү иштерин жүргүзсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев) , өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө (А.А.Чаргынов), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.