КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 28-августу № 102
Кыштут айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кыштут жана Газ айылдарынын элдик чогулуштарынын протоколдорун кароо жѳнүндѳ
Кыштут жана Газ айылдарынын элдик чогулуштарынын протоколдорун окуп Кыштут айылдык кеңешинин депутаттары А.Досболов жана А.Шариповтун баяндамасын угуп кенири талкуулап, Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXII cессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким У.Жоробаевти “Кыштут айыл аймагынын Ардактуу атуулу " наамын берүү Кыштут айыл ѳкмѳтунѳ сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаты социалдык маданий ,маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.А.Шариповко жуктөлсун.
Төрага | Сейитмуратов А. |