Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XXXVIII - сессиясынын
2024-жылынын 30-августу №180/38-8
“Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасын Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы Кара-Көл муниципалдык жылуулук ишканасы деп уюштурууга макулдук берүү жөнүндө”
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынан Кара-Көл шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп жаткан Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасын Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы Кара-Көл муниципалдык жылуулук ишканасы деп уюштурууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы Кара-Көл муниципалдык жылуулук ишканасынын жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга , ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( И.Р.Касымов) жана бюджет, экономика, финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |
|
Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.08. 2024-ж. XXXVIII сессиясынын № 180/38-8 сандуу токтомуна тиркеме |
“Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы Кара-Көл муниципалдык жылуулук ишкананын Жобосу”
1-глава. Жалпы жобо
1.1 Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы “Кара-Көл муниципалдык жылуулук ишкана” мындан ары – КК МЖИ болуп саналат.
1.2 КК МЖИ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
1.3 КК МЖИ бирдиктүү системасын анын аппараты түзөт.
1.4 Толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы Кара-Көл муниципалдык жылуулук ишкана
2) расмий тилде: Кара-Кульское муниципальное предприятие теплоснабжения при мэрии города Кара-Куль.
1.5 Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: КК МЖИ;
2) расмий тилде: КК МПТС”.
1.6 Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары, Чубак Ажы Жалилов көчөсү 33.
1.7 КК МЖИ ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук абалы
2.1. Кара-Көл шаарынын мэриясы КК МЖИга бекитип берилген мүлккө карата укуктук ээлик кылат жана КК МЖИнин уюштуруучусу болуп саналат жана КК МЖИнин ишин жалпы жетектөөчү жана координациялоочу, тармактык маселелер боюнча ишин стратегиялык пландоону ишке ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелет. Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгы КК МЖИнин бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну кɵзɵмɵлдɵйт.
2.2 КК МЖИ өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча обочолонгон мүлкү бар жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык чарбалык ишкана болуп саналат.
2.3 КК МЖИ өз ишине тиешелүү жана максаттарына ылайык ушул жобо белгиленген жарандык укуктары бар юридикалык жак болуп саналат жана ага ушул иш менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. КК МЖИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу жана финансы-кредиттик мекемелерде депозиттик эсеп ачууга укуктуу.
2.4 КК МЖИ мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
2.5 КК МЖИнин негизги иш түрлөрү болуп: жылуулук энергиясын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу жана керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоо түрүндө болуп саналат.
2.6 КК МЖИнин ишинин негизги максаттары болуп жылуулук менен камсыздоо, кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук жаатында социалдык багыттагы мамлекеттик программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
2.7 КК МЖИнин негизги милдеттерине чыгымдарды азыраак кетирүү менен керектөөчүлөрдү жылуулук менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо кирет.
2.8 КК МЖИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жее жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
2.9 КК МЖИ мэриянын милдеттенмелери боюнча өзүнө тапшырма (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2.10 КК МЖИ жарандык мыйзамдарга ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды алууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
2.11 КК МЖИ өз ишин мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырат.
2.13 Ушул жобо аркылуу жөнгө салынбай калган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
КК МЖИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
3.1 Электр откананы жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык тейлөөнү, оңдоону, техникалык эксплуатациялоону жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
3.2 Электр откана чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
3.3 Кара-Көл шаарынын мэриясы, юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте жылуулук объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
3.4 Жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык - техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
3.5 Ишканаларды жана уюмдарды жаңы технологиялар жана стандарттык жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өркүндөтөт;
3.6 Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (автотехниканы, материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, электр энергиясын) камдайт;
3.7 Жылуулук, электр энергиясы менен ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
3.8 Отунду, сарпталуучу материалдарды, откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле күйүүчү отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
3.9 Жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун кыйла заманбап формаларын, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
3.10 Негизги жана көмөкчү жабдуулардын, бардык объекттери жана инженердик курулмалары менен бирге отказандардын, откана жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
3.11 Негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам ишти уюштурат;
3.12 Жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгек жана коопсуздук техникасын сактоого даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
3.13 Өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
3.14 Өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөрдөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
3.15 Өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктарда жана өрт учурунда (форс-мажордук убакта) отунду, сарпталуучу материалдарды, откана жабдууларды, ошондой эле күйүүчү отунду жана товарларды мамлекеттик сатып алуу кызматы сатып алуу эрежелердин негизинде үзгүлтүксүз камсыздайт.
4-глава. Укуктары
КК МЖИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1 Продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды мэриянын уруксаты (депутаттардын Кара-Көл шаардык кеӊешинин макулдугу) менен сатып алууга;
4.2 Мэрия менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
4.3 Өзүн өзү каржылоочу мекеме болгондуктан, мейманкана, мончо, футболдук аянтча, күнөскана (теплица) куруп, алардан түшкөн кирешени Кыргыз Республикасынын салык кодексинин мыйзамдарына ылайык пайдаланууга;
4.4 Кара-Көл шаарынын мэриясы, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан КК МЖИнин ишине таандык маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
4.5 Белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде КК МЖИнин кызматкерлерин окутуу, консультациялоо үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
4.6 Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек келишимдердин жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
4.7 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишин жүргүзүүгө;
4.8 Электр откананын бош кубаттуулугуна таянып, жаңы кардарларды жылуулук тармагына кошуу үчүн техникалык документтерди иштеп чыгып, кардарлардын арызына таянып баа тизмесинин (прейскурант) негизинде үй ичиндеги жылуулук системаны оңдоого кеткен сан.техникалык кызмат тɵлɵмдɵрү төлөнүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүүгө;
4.9 Техникалык иш-кагаздарын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде акчалай акы алууга.
5-глава Милдеттери
КК МЖИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
5.1 Кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
5.2 КК МЖИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
5.3 Өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
5.4 Өз мүлкүнө инвентаризация өткөрүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын Кара-Көл шаарынын мэриясына белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5.5 Тиешелүү органдарга өз убагында отчѐт берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана көлөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5.6 КК МЖИ ушул жободо каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобого каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
6-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
6.1 КК МЖИнын ишин директор жетектейт, аны кызматка мэр тарабынан дайындалат. Директору укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен жоопкерчилик тартат. Ушул жобонун негизинде иш жүргүзөт.
6.2 Директор ээлеген кызматынан шаар мэри тарабынан бошотулат. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
6.3 КК МЖИнын финансы-чарбалык ишинин жыл жыйынтыгы боюнча отчѐтун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
6.4 Ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
6.5 Эмгек келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
6.6 Финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
6.7 Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
КК МЖИнын директору:
6.8 КК МЖИнын ишине жалпы жетекчилик кылат жана финансылык (бухгалтердик) отчѐтторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлктүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6.9 Алдыга коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн ушул жобого жана Кыргыз
Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
6.10 Кара-Көл шаарынын мэриясына компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
6.11 КК МЖИнын атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
6.12 Кара-Көл шаарынын мэриясы, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде КК МЖИнын атынан иш алып барат;
6.13 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кара-Көл шаарынын мэриясынын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
6.14 Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул жободо каралган ыйгарым укуктардын чегинде КК МЖИнын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
6.15 Өз компетенциясынын чегинде КК МЖИнын системасында эмгектенген кызматкерлер тарабынан сөзсүз аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
6.16 Локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде эрежелерди, жоболорду, регламентти, нускаманы, тартипти жана методикаларды жана КК МЖИнын системасындагы эмгектенген бардык жумушчулар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү ички документтерди мэрия менен макулдашуу боюнча бекитет;
6.17 КК МЖИнын бекитилген бюджетине ылайык штаттык ырааттамасын мэрия менен макулдашуу боюнча бекитет;
6.18 Директордун жана анын орун басарынын ортосундагы милдеттери КК МЖИнин жобосу аркылуу бөлүштүрүлөт, КК МЖИнын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
6.19 Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мэриянын суроо-талабы боюнча КК МЖИнын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчѐтторду, финансылык (бухгалтердик) отчѐттук документтерди, ошондой эле финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
6.20 Келерки финансылык жылга карата КК МЖИнын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мэрияга макулдашууга киргизет;
6.21 КК МЖИнын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
6.22 Электр откана чарбасынын объекттеринин, инженердик инфраструктуранын натыйжалуу пайдалануусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
6.23 КК МЖИнын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
6.24 КК МЖИнын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коѐт;
6.25 КК МЖИнын аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартипке чакыруу чараларын көрөт;
6.26 Өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
6.27 Директор жок болгон учурда ишин директордун буйругу менен аныкталган башкы инженер жетектейт. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордуна дайындалганга чейинки анын милдеттерин аткаруу мэриянын чечими менен аныкталган башкы инженер тарабынан жүзөгө ашырылат.
6.28 Башкы инженер өз карамагына таандык маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, өзү тейлеген багыттар боюнча иштерди уюштурат. Башкы инженер буйруктарга кол коет жана директордун буйругу менен аныкталган КК МЖИнын ишинин айрым маселелери боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алат.
7-глава. Финансы-чарбалык иши, эсеби жана отчѐттуулугу
7.1 КК МЖИнын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- анын ишинин максаты жана негизги багыттары;
- тармагы жана рыногу, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
- анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана уюштуруучулук планы;
- финансылык планы жана тобокелдиктерди талдоо.
7.2 Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, КК МЖИ Кара-Көл шаарынын мэриясына жана КР финансы министрлигине финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчѐтту берет. КК МЖИнын алдын ала бюджетинин долбоорун 31-декабрга чейинки мөөнөттө мэрия менен макулдашат.
7.3 КК МЖИнын өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
7.4 КК МЖИнын мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунун негизинде таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
7.5 КК МЖИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен жамааттардын Уставдык капиталына салууга же башкача ыкмаларды колдонуу аркылуу аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башкарууга укугу жок.
7.6 Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акысыз жана кайтарылгыс негизде:
-жылуулук энергиясын жылуулук түйүндɵр аркылуу жеткизүүдɵгү жоготууларды;
-калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына
тарифтерди жөнгө салуунун натыйжасында КК МЖИ тарткан зыяндар компенсацияланат
(субсидиялар);
7.7 Продукциянын (жылуулук) өздүк наркын аныктоо, жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
8.1 КК МЖИны кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштуруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
8.2 КК МЖИнын ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана жоюуда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.
Жооптуу катчы: |
К.И. Нурматова |