Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XXXVIII - сессиясынын
2024-жылынын 30-августу №181/38-8
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы № 122/26-8 сандуу “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасы жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесине толуктоо киргизүү жөнүндө”
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.С.Курамаевдин муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги М.Сабиров көчөсүнүн № 1/2 үйүнүн № 8 батирин менчиктештирүү программасына киргизип берүү жана Кара-Көл шаарынын тургуну, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2- топтогу майып З.Б.Алибековдун жеке менчигине акысыз өткөрүп берүү жөнүндө сунушун, Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги Кулданбаев көчөсүнүн № 2-32, №2-36 , №1- 15, №1-52 , М.Сабиров көчөсүнүн №1/3-24, Серый көчөсүнүн № 3/1-26 батирлерин менчиктештирүү программасына киргизип берүү сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы № 122/26-8 сандуу “ Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасы жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесиндеги 2023-2025-ж.ж. менчиктештирүү программасына киргизиле турган батирлердин тизмесине ушул токтомдун тиркемесине ылайык толуктоолор киргизилсин. (тиркелет)
2. Сабиров көчөсүнүн № 1/2 үйүнүн № 8 батирин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майып З.Б.Алибековдун жеке менчигине акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев) жана муниципалдык менчик башкармалыгы ( М.С.Курамаев) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн батирден башка менчиктештирүү программасына киргизилген батирлерди менчиктештирүүнү мыйзам чегинде жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев) Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), көзөмөлдөө өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( И.Р.Касымов) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |
|
Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.08. 2024-ж. XXXVIII сессиясынын № 181/38-8 сандуу токтомуна тиркеме |
2023-2025-жж. Менчиктештирүү программасына киргизиле турган батирлердин тизмеси
№ | Объектинин аталышы | Саны | Баланстык баасы | Баштал гыч баасы | Менчиктештирүү |
1. | Сабиров к. № 1/2 үй, № 8 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
2. | Кулданбаев к. № 2 үй, № 32 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
3. | Кулданбаев к. № 2 үй, № 36 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
4. | Кулданбаев к. № 1 үй, № 52 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
5. | Кулданбаев к. № 1 үй, № 15 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
6. | Серый к. № 3/1 үй, № 26 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
7. | Сабиров к. №1/3 үй, № 24 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
| Жалпы | 7 |
|
|
|
Жооптуу катчы К.И.Нурматова