Редакцияот 20.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 20-сентябры № 93/XX-28

Нурманбет айыл аймагындагы жер участогун которуу жөнүндө

 

Нурманбет айыл аймагында жайгашкан аянты 0,11 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер тилкесин которуу жөнүндөгү келип түшкөн арызды карап чыгып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Нурманбет айыл аймагынын №19 контурунда жайгашкан аянты 0,11 га болгон “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” түрүндөгү жер тилкесин,”Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан,”Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына,туризмди өнүктүрүү жана маданий-массалык эс алууну уюштуруу максатында которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы Нурманбет айылдык Кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Нурманбет айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Н. Табыкеев