Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясынын
2024-жылдын 27-июну №27
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Кажы-Сай айылын кенейтүү максатында трансформацияланып жаткан 54,7 га жер аянтынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланышкан чыгымдары жөнүндө
______________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун сунушун жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Кажы-Сай айылын кенейтүү максатында трансформацияланып жаткан 54,7 га жер аянтынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө (электр энергиясы, ичүүчү суу менен жабдуу, жолдорду салуу, бала бакча жана башка социалдык объектилерди куруу) байланышкан чыгымдары Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жергиликтүү Кенештин жооптуу катчысы М.Кыдырбаевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш жергиликтүү Кенешинин жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов