Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XXXIХ - сессиясынын
2024-жылынын 05-сентябры №186/39-8
“ Кара-Көл шаардык кеңешинин Кара-Көл шаардык бюджетинин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө 29.03.2024-ж. № 160/34-8 сандуу жана Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө 29.03.2024-ж. №161/34-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин Кара-Көл шаардык бюджетинин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө 29.03.2024-ж. № 160/34-8 сандуу жана Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө 29.03.2024-ж. №161/34-8 сандуу токтомдоруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүү-маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин талабынын негизинде Кара-Көл шаарынын Кара-Көл шаардык бюджетинин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө 29.03.2024-ж. № 160/34-8 сандуу токтомунун № 5 тиркемесиндеги “Шаардын ички көчөлөрүнө тротуар курууга” бекитилген 10 191,7 миң сом, “Иманкулов атындагы ипподромго ат сарай курууга” бекитилген 5 000,0 миң сом жана Кара-Көл шаарынын 2024-жылга шаардык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө шаардык кеңештин 29.03.2024-ж. №161/34-8 сандуу токтому менен бекитилген № 3 тиркемесиндеги “ШММБна экскаватор сатып алууга” бекитилген 7 000,0 миң сом, “Ички көчөлөргө шагыл төшөөгө” бекитилген 3 000,0 миң сом, “7-аянтчага светофор орнотууга” бекитилген 480,0 миң сом, “ 3 сааттык бала бакчанын чатырын жабууга” бекитилген 1 046,0 миң сом, жалпы 26 717,7 миң сомдук ищ-чараларга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип, тиркемеге ылайык өзгөртүлүп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов) Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-бер. 4-п., 103-бер. 3-п. талабынын негизинде шаардык бюджеттин чыгаша бөлүктөрүнө тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.08.2024-ж. №183/38-8 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Бюджетти кодексинин 103-бер. 1,2,3-п.п. талаптарынын негизинде шаардык мэрияга Н.О.(Орозбаев), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |
| Кара-Көл шаардык кеңештин 05.09.2024-ж. XXXIX сессиясынын №186 /39-8 токтомуна тиркеме
|
| ||||
Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы же “Өнүгүү бюджетине” өзгөртүү киргизүү боюнча иш- чаралардын РЕЕСТРИ | ||||||
(мин сом) | ||||||
№ п/п | Мекеменин аталышы | Иш пландын аталышы | Сметалык баасы | Эскертме | ||
1 | ШММБ | "Эскада" ЖЧКга карыз сумманы төлөө | 4597,2 |
| ||
2 | ШММБ | Жазы-Кечүү айылындагы бала-бакчанын курулуш иштерине | 15 193,2 |
| ||
3 | ШММБ | "Дем берүүчү (үлүштүк) грант” аркылуу аткарылуучу иштерге технадзордун кызмат акысы | 265,6 |
| ||
4 | ШБББ | Фрунзе атындагы №3 мектепке кошумча кабинет ачууга | 186,0 |
| ||
5 | ШБББ | Фрунзе атындагы №3 мектепке эмерек сатып алууга | 432,6 |
| ||
6 | ШБББ | Фрунзе атындагы №3 мектептин ашканасына жабдууларды алууга | 174,3 |
| ||
7 | ШБББ | Жазы-Кечүү айылындагы бала-бакчага чарбалык буюм, эмерек, ашкана жабдыктарын алууга | 1642,6 |
| ||
8 | Мэрия | "Баластан" бала бакчасына алынуучу эмеректер үчүн облфондго жергиликтүү бюджеттин үлүшү | 141,0 |
| ||
9 | ШБББ | "Баластан" бала бакчасына кошумча группа ачууга | 313,0 |
| ||
10 | ШБББ | "Байчечекей" бала бакчасына эмерек сатып алууга | 249,2 |
| ||
11 | ШБББ | "Байчечекей" бала бакчасынын короосун бетондоо иштерине | 50,0 |
| ||
12 | ШБББ | Хуриев №5 мектебинин алдын бетондоо иштерине | 155,0 |
| ||
13 | ШММБ | "Достук" заводун суу менен камсыз кылууга ижара акысы | 500,0 |
| ||
14 | Мэрия | Материалдык жардамдарга | 1500,0 |
| ||
15 | ШММБ | Маданият үйүнө кондиционер сатып алууга | 500,0 |
| ||
16 | Дене тарбия жана спорт бөлүмү | "Энергетик" волейбол клубуна спорттук форма, топ сатып алууга жана Эл аралык оюндарга катышууга, окуу машыгуу сборуна | 257,0 |
| ||
17 | Дене тарбия жана спорт бөлүмү | Мыкты ийгилик жараткан спортчуларга сый акы | 200,0 |
| ||
18 | Мэрия | Административдик укук бузуулардын негизинде штраф | 26,0 |
| ||
19 | Мэрия | Көчмө микрафон сатып алууга | 15,0 |
| ||
20 | Мэрия | Мэрге планщет сатып алууга | 80,0 |
| ||
21 | Мэрия | 2025-жыл жаңы жыл тосууга | 110,0 |
| ||
22 | Маданият үйү | Кара Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына карата шаар ичинде "Ыр-Кесе" өткөрүү иш чарасына | 30,0 |
| ||
23 | ШБББ | Д.Шопоков атындагы №4 мектебинин ачылышына даярдык көрүүгө | 100,0 |
| ||
|
| Жалпы: | 26717,7 |
| ||
Жооптуу катчы: |
Нурматова К. |