Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №13/110
“Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасынын жүк ташуучу автоунасынын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын “Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасынын 16.04.2024-жылдагы №22 кайрылуусу боюнча HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто унасынын тарифин бир рейси 2000 сом, жеке жактарга 4000 сом, кылып бекитип берүү үчүн К. Сарымолдоевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат;
1.”Миӊ-Булак тазалык” муниципалдык ишканасынын HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу авто унасынын тарифин бир рейси 2000 сом, комерсиялык жактарга 4000 сом, болуп белгиленсин.
2. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Ж. Жамангулов |