Загрузка документа…
КУН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин кезектеги
IV сессиясы
2024-жылдын 27-июну
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
тарабынан бөлүнгөн акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Кажы-Сай айылынын таза суу системасын ондоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан бөлүнгөн акча каражатты бөлүштүрүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде учурдагы жардам катары бөлүнгөн 1 420 800 (бир миллион төрт жүз жыйырма мин сегиз жүз) сом акча каражатын бюджеттин кирешеси катары көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. 1 420 800 сом акча каражаты 2215 беренесине бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевге тапшырылсын.
Төрага К.Карыпов